10.07.2018 11:04

Тайланддагы куткаруу операциясы: Үңкүрдө беш адам калды

Тайланддагы куткаруу операциясы: Үңкүрдө беш адам калды

Тайланддагы куткаруучулар суу толгон үңкүрдөн дагы төрт баланы алып чыгышты. Ошентип, операция башталгандан бери 8 адам куткарылып, 5 адам үңкүрдө калууда.

Бул иш-чараны жетектегендер Тайланддын түндүгүндөгү бул аймакта кайсы маалда болбосун тынымсыз жааган жаан башталып кетүү коркунучу тургандыктан, шашып жатышат. Үңкүрдүн оозуна жетиден ашык тез жардам унаасы келди. Жекшемби күнү 4 жаш футболчуну алып чыгышкан. Бирок, кычкылтек камылгасы азайганына байланыштуу, куткаруучулар баллондор толгуча ишти токтотушкан. 

Би-би-си балдарды куткаруу операциясы аскер өкмөтүнүн катаал көзөмөлүнүн алдында жүрүп жатканын кабарлайт. Азыр аймакта бир нече күндөн бери жаан жаабай, бул куткаруу иштерин максатталгандан 4 саатка эрте баштоого мүмкүнчүлүк берди. 

Эскерте кетсек, 11-16 жаштагы 12 бала футбол боюнча машыктыруучусу менен 23-июнда Тхам Луанг үңкүр комплексине саякатка кетишкен. Алар үнкүрдө экенде катуу жаан жаап, үңкүрдүн ичи сууга толуп калгандыктан, кайра чыга албай калышкан.  Аларды издөөгө  баш-аягы миңден ашык адам тартылып, балдар үңкүрдүн оозунан 4 чакырым алыстыктагы суу жетпей калган кургак аянтчадан табылышкан.

Аларга дароо тамак-аш, кычкылтек баллондорун жана башка керектүү нерселерди жеткирип берип башташкан. Операция учурунда Тайланддык суучул Саман Гунан каза тапты. Ал жаш футболчулар менен машыктыруучуга кычкылтек баллонун жеткирип келатып, эс-учун жоготкон. Анын денесин шериги сыртка сүйрөп чыккан менен, сактап калууга мүмкүн болгон жок. 

Учурда балдарды куткаруу боюнча операцияга бүт дүйнө көз салууда. Өлкө бийлиги өспүрүмдөрдү эвакуациялоону баштоо менен олуттуу тобокелдикке барып жатканы айтылат.