22.10.2018 09:00

Тайванда темир жол кырсыгынан курман болгондордун саны 18 адамга жетти

Тайванда темир жол кырсыгынан курман болгондордун саны 18 адамга жетти

Тайванда ири темир жол кырсыгынан каза тапкандардын саны 18 адамга жетти, 160 адам жаракат алды. Бул тууралуу аралдын Өрт өчүрүү башкармалыгына таянып, «РИА Новости» жазып чыкты.   

Буга чейин 17 адам каза тапканы, 132 адам жабыркаганы айтылып жаткан. 

«Саат 20:09ге карата ( бшк убактысы боюнча 18:09) 18 кишинин каза тапканы, 160 адамдын ар кандай деңгээлдеги жаракат алганы такталды», -деп айтылат билдирүүдө.  

Puyuma Express ыкчам поезди жекшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:50дө (14:50 бшк) Тайвандын түндүгүндөгү Илан үйөзүндө рельстен чыгып кеткен. Состав Шулинь шаарынан Тайдунга бара жаткан. Кырсык болгон учурда поездде 366 киши болгон.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, каза тапкан жана жабыркагандардын арасында чет өлкө жарандары жок. 

Жеринде куткаруучулар, дарыгерлер, 120дан ашык аскер кызматкерлери иштеп жатат. Коргоо министрлиги издөө-куткаруу иштерин ылдамдатуу үчүн кырсык болгон жерге оор техника жиберди. 

Азырынча авариянын келип чыгышына эмне себеп болгону жана ал учурда поезд кандай ылдамдыкта кетип баратканы тактала элек.  Негизи Puyuma поезддеринин эң жогорку ылдамдыгы саатына 150 чакырымды түзөт. 

Поезддин составында 8 вагон болгон, кыйраганда 3-4-5-7-8-вагондор көңтөрүлүп кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, 4-5-вагон катуу жабыркаган. Авариянын  алдында машинист бир нече жолу ыкчам токтотуу аракетин көргөнү айтылат.