21.06.2019 09:49

Тазалыкты сактабаган шаар тургундары 606,5 миң сом айып төлөшөт

Тазалыкты сактабаган шаар тургундары 606,5 миң сом айып төлөшөт

Бишкекте уруксат берилбеген жерге таштанды таштаган тургундар 606,5 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Санитардык-экологиялык инспекция Бузуулар тууралуу кодекс боюнча иштөөнү улантууда. 15-майдан 18-июнга чейин бузуулар тууралуу жалпы 814,5 миң сомдук 87 протокол түзүлгөн. 72 протокол боюнча жазага киргизүү тууралуу токтом чыгып, 606,5 миң сом айып салынды.

Бузууларга көрктөндүрүлгөн аймактарга таштанды таштоо, таштандыларды өрттөө кирет.