05.06.2018 18:19

Тажик тарап кыргыз чек арачылары тараткан билдирүүнү четке какты

Тажик тарап кыргыз чек арачылары тараткан билдирүүнү четке какты

Тажик Республикасынын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында болгон кырдаал боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу "Азаттыктын" Тажикстандагы кызматы жазып чыкты. Билдирүүдө окуя тууралуу кыргыз чек ара кызматынын тараткан маалыматы чындыкка дал келбей тургандыгы жазылган.

Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматында, Кыргыз өлкөсүнүн жергиликтүү жашоочулары жана чек арачылары өздөрүнүн провокациялык иш-аракеттери менен тажик чек арачыларын ыксыз аракеттерге барууга мажбурлаганы  белгиленген.

"Кыргыз өлкөсү тараткан 4 видеодон тең кечээ, 4-июнда болгон жаңжал алдын ала, кыргыз тарабынан пландалганы көрүнүп турат. Чыр-чатакка биринчилерден болуп кыргыздын чек арачылары от жагышкан. Кыргыз чек арачылары тажик чек арачыларын кармаганда алардын денесине катуу жаракаттарды келтирген. Муну менен алар чек ара тилкесиндеги жүрүм-турум тууралуу мурда түзүлгөн келишимди бузушкан. Кызматтык иликтөө башталды", - деп жазылат билдирүүдө.

Тажикстандын Согдий облусунун башчысынын биринчи орун басары, Мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын мүчөсү Рустам Рахматзода "Азаттыктын" тажик кызматына бүгүн, 5-июнда окуя болгон жерде болуп кайтканын билдирген.

Анын билдирүүсүнө ылайык, жаңжал тажик чек арачылары кыргыздын 2 соодагерине Тажикстандын аймагына кирүүгө уруксаат бербей койгондон кийин башталган. Мындан бир нече мүнөт өтүп мамлекеттик чек ара тилкесине 20 кыргыз унаа менен келип, тажик чек арачылары менен мушташты уюштурган.

"Чек ара тилкесине келгендер Тажикстандын 3 чек арачысын 4 Калашников автоматы менен кыргыз аймагына алып кетишкен", - деп билдирген Рахматзода.

Буга чейин Кыргыз чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жаңжал тажик чек арачыларынын жүрүм-турум эрежелерин сактабагандыгынан келип чыкканын билдирген. Анда тажик чек арачылары Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасы аймагында соода кылып отурган кыргыз жарандарын кууп башташканы, мындан улап 2 тарап ортосунда чыр чыкканы белгиленген.