05.06.2018 09:34

Тажик тарап ок чыгарды. Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Тажик тарап ок чыгарды. Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты. Кечээ Лейлек районунун Максат айылындагы «Футбол талаасы» тилкесинде  саат 17:10дор чамасында эки тараптын чек арачыларынын ортосунда талаш чыгып, тажик тарап асманга ок атты.  Бул туурасында КР Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Уруштун чыгышына тажик аскер кызматкерлеринин мамлекеттик чек арадагы  чек арачылар үчүн сызыкты  бузгандыгы себеп болгон. Коңшу өлкөнүн чек арачылары "Футбол талаасы" тилкесине кирип,  мыйзамсыз соода жай уюштуруп алган кыргыз жарандарын тилкеден  кубалап чыгышкан. 

Кыргыз жарандары менен тажик чек арачыларынын ортосунда чыккан урушту жерине барган кыргызстандык чек арачылар тобу токтотту. Кыргызстандын чек арачылары тажик аскер кызматкерлерине маселени мындай жол менен чечүүгө болбой турганын эскертип, талаш тилкеге мыйзамсыз кирип келгендерден  аймактан чыгып кетүүнү талап кылды.

«Тажик республикасынын аскер кызматкерлери кыргыз чек арачыларынын талабын аткаруудан баш тартып, өздөрүнүн агрессиялык жүрүм-туруму менен уруш чыгарууга аракеттенишкен. Андан соң асманга эскертүүчү ок чыгарышкан. Мындан улам, кыргыз чек арачылары тарабынан кармалды», -деп жазылат билдирүүдө.

Бул окуядан улам, шашылыш түрдө Кыргыз Республикасынын Лейлек багыты боюнча жана тажик тараптын Жаббар-Расулов багыты боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөрүлдү.  

Андан соң кармалган тажикстандык  аскерлер кое берилген. Абал толугу менен көзөмөлгө алынып, жеринде түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.  Азырынча Тажикстан тарап үн ката  элек.