05.03.2018 12:37

Тажик жараны аткезчилик жол менен Кыргызстанга күйүүчү май киргизүүгө аракеттенген

  Коом (6 материалов)
Тажик жараны аткезчилик жол менен Кыргызстанга күйүүчү май киргизүүгө аракеттенген

Кыргызстанга күйүүчү майды аткезчилик жол менен алып кирүүгө аракеттенген тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен областынын Лейлек районунун Раззаков айылынын жанынан бажы кызматкерлери тажик жараны айдап келаткан «Мерседес-Бенц 822» автоунаасын текшеришкен.

«Автоунаанын жүк салуучу бөлүгүнөн 9 миң 100 литр өлчөмдөгү күйүүчү май табылган. Эч кандай  документсиз алынып келаткан жүктүн наркы 241 миң 150 сомду түзөт. Иш Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди”, -деп айтылат билдирүүдө.