23.04.2019 10:54

Тажик жараны кыргыз баланы өз өлкөсүнө өткөрүп кеткен. Чек арада чыр чыга жаздап, токтоду

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Тажик жараны кыргыз баланы өз өлкөсүнө өткөрүп кеткен. Чек арада чыр чыга жаздап, токтоду

Кыргыз-тажик чек арасында кечээ, 22-апрель күнү кечке маал кайра чыр чыкты. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Окуянын чоо-жайы

Мекеменин маалыматына караганда, болжол менен саат 20:50 чамасында шарттуу чек ара сызыгынын жанында Каравшин дарыясынын сугат системаларын тазалап жүргөн тажик жараны 8 жаштагы кыргыз баланы мыйзамсыз кармап кеткен. Аны Тажикстандын «Ворух» анклавына алып барып, өз өлкөсүнүн укук коргоо органдарына тапшырган. Жарым сааттан кийин тажик тарап К.уулу Ш.ны кыргыз тарапка өткөрүп берди. Тажик тараптын чек ара  кызматкерлери билдиргендей, тажик жараны кармалган баланы ага таандык экскаватордун айнегин талкалап салды деп айыптаган.

Кыргыз тараптын реакциясы

Окуяны уккан кыргыз жарандары тажик тараптын кылганына нааразы болуп, Аксай айылынын ортосуна чогулуп башташкан. Баш-аягы элүү - алтымыштай киши топтолгон. Бирок, эки тараптын өкүлдөрүнүн курал колдонуусуна жеткен жок. Ошол эле күнү Баткен тилкеси жана Исфара тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрү кырдаалды жайгаштыруу үчүн жолугушуу  өткөрүштү.

Чек арадагы азыркы абал

Учурда Исфара-Ворух автожолунда унаа кыймылы жанданды. Мамлекеттик чек ара кызматынан маалыматына таянсак, топтошкон элдер деле жок. Чек ара менен чектеш аймактарда жергиликтүү бийлик менен чек ара кызматынын өкүлдөрү жана тартип сакчылары калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.