18.09.2019 09:09

Тажикстан такталбаган аймактагы курулуш иштерин токтотту

  Кыргыз-тажик чек ара чыры (16 материалов)
Тажикстан такталбаган аймактагы курулуш иштерин токтотту

Тажикстан Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакта курулуш иштерин токтотту. Маалыматты учурда Баткенде жүргөн депутат Таабылды Тиллаев 24.kg агенттигине тастыктады. 

Эл өкүлүнүн айтымында, абал дагы деле курч бойдон калууда. Эл нааразы болуп, бийликтен чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылып жатат.

«Биз тургундар менен жолугуп жатабыз. Алар эмне себептен ушундай окуя болуп кетти деп түшүнбөй жатышат. Бирок, митингге чыккандар жок», -деди депутат.

Эскерте кетсек, Лейлекте тажик жараны чек аранын тактала элек жеринде курулуш иштерин баштап, мунун аягы 16-сентябрда ок атышуу менен бүткөн. Анда бир кыргыз чек арачысы каза таап, алты адам ар кандай жаракаттарды алган. Кийинчерээк Саламаттык сактоо министрлиги жарадарлардын саны он үчкө жеткенин, арасында 12 жаштагы бала бар экенин маалымдаган. Кыргыз тарап ок атууну биринчи тажик жарандары баштады десе, тажик тарап кыргыз чек арачыларын күнөөлөгөн