04.10.2018 16:08

Тажикстанда ажатканага түшүп кеткен музоону чыгарууга аракет кылган үч киши каза болду

Тажикстанда ажатканага түшүп кеткен музоону чыгарууга аракет кылган үч киши каза болду

Тажикстандын Жоми районунда ажатканага түшүп кеткен музоону чыгарып алууга аракет кылган жергиликтүү үч тургун каза болду.

Маалыматка караганда, окуя 14-сентябрда болгон. Үй ээси музоосу ажатканага түшүп кеткенин көрүп, коңшуларын жардамга чакырган.

Жардамга келгендердин төртөөсү ажатканага түшүп кетип, 28, 24 жана 17 жаштагы үчөө каза болгон.

Райондук оорукананын дарыгери Хабибулло Кодировдун айтымында, эгер жабыркагандар ооруканага өз учурунда жеткирилгенде, алардын өмүрлөрүн сактап калууга мүмкүн болмок. Каза болгон үч жаран тең газга ууланып калган.