17.07.2018 09:14

Тажикстанда мобилдик телефондорду өз алдынча сатууга тыюу салынды

Тажикстанда мобилдик телефондорду өз алдынча сатууга тыюу салынды

Тажикстанда Байланыш кызматынын расмий уруксааты жок мобилдик телефондорду сатууга тыюу салынды. Аларды кызматтан сертификат алган компаниялар гана сата алышат.

«Тажикстандарттын уруксааты менен ар бир телефондун сапатын текшерип, андан кийин гана сатууга уруксаат беребиз», -деди Байланыш кызматынын төрага орун басары Адолат Абдурахмонзода.

Адолат Абдурахмонзоданын айтымында, компаниялар сертификат алуу үчүн акы төлөшү керек. Ал мобилдик телефондорду сатууга уруксаат албаган төрт сатуучу жазага тартылганын кошумчалады.

Былтыр Байланыш кызматы өлкөдө коопсуздукту камсыздоо максатында мобилдик операторлор менен интернет-провайдерлерден NGN-байланышын өчүрүүнү талап кылган. Сим-карталарды кайра каттоо дагы терроризм менен күрөшүү максатында жүргүзүлүп, бул кампания 2017-жылы 30-апрелде аяктаган.