13.07.2018 10:07

Тажикстанда салмагы 7,2 килограмм бала төрөлдү

Тажикстанда салмагы 7,2 килограмм бала төрөлдү

Тажикстандын Куляб шаарында 9-июлда  салмагы 7 килограмм 200 грамм ымыркай жарык дүйнөгө келди. Куляб шаарынын төрөткана жетекчиси Халима Гадоева бала операция жолу менен төрөлгөнүн билдирди. Анын айтымында, наристенин абалы канааттандырарлык, апасы дагы операциядан кийин акырындык менен өзүнө келе баштады.

«Өз тажрыйбамда мындай баатырды биринчи жолу көрүп жатам. Бул Тажикстанда мурун болуп көрбөгөн окуя», - деди Халима Гадоева.

Ымыркайдын апасы – 30 жаштагы Тахмина Одинаева. Ал үй-бүлөдөгү бешинчи бала, калгандары дагы чоң салмакта, 4 килограммга чейин төрөлүшкөн.

Наристенин атасы Искандаршо Худойназаров аялы Тажикстанда эле эмес, дүйнөдө рекорд койду деп эсептейт.