04.10.2018 09:51

Тажикстанда тартип бузган окуучулар үчүн милиционерлер жазаланды

Тажикстанда тартип бузган окуучулар үчүн милиционерлер жазаланды

Душанбеде ИИМ башкармалыгынын 17 кызматкери убагында мектеп окуучулары тарабынан жасалган мыйзам бузуулардын алдын албаганы үчүн дисциплинардык жазага тартылды. Шаар бийлигинин тапшырмасы боюнча 1-сентябрдан тарта ар бейшемби күнү 500дөн ашык тартип сакчысы 140 мектепти жана башка окуу жайларды кайтарууга алышкан.

«Тартип сакчылары окуу жараянына жана окуучулардын жүрүм-турумуна көз салып турушу керек болчу, бирок окуучулар административдик мыйзам бузууларга жана кылмыш иштерине барышкан», - деди Тажикстан ИИМиндеги өз булак.

Душанбе шаарынын төрагасынын токтомуна ылайык, кылмыш иштеринин жасалышына жол берген милиционерлерди жумуштан бошотууга чейинки жаза чаралары каралган.

Мугалимдер ким эмне себептен окууга келбегени жана окуу жараянындагы тоскоолдуктар тууралуу жума сайын отчет берип турууга милдеттендирилген.

Душанбе шаардык ИИМ башкармалыгынын башчысы Шариф Назарзода быйыл 10 миңден ашуун өспүрүм мыйзам бузууларга барганын маалымдады.