16.07.2018 15:02

Тажикстанда жубайлар кызынын тоюна бир ай калганда өз өмүрлөрүн кыйышты

Тажикстанда жубайлар кызынын тоюна бир ай калганда өз өмүрлөрүн кыйышты

Тажикстандын түндүгүндөгү Канибадам шаарында аял-күйөөсүнүн өлүмүнүн себептери териштирилүүдө. Алар бир айдан кийин кызын күйөөгө узатмак. Бул туурасында Ca-News жазып чыкты. 

Канибадам шаарынын прокуратурасынын маалыматына караганда,  Пулодон айыл кеңешинин тургуну Муроджон Ганиев 13-июлдан 14-июлга караган түнү өз үйүндө асынып алган. «14-июль күнү эртең менен анын аялы Шоирахон Ганиева жана 19 жаштагы кызы сууга чөгүп өлүү максатында такси менен Фергана каналын көздөй бет алышкан. Окуя болгон жерден алыс эмес турган такси айдоочулары кызды гана сактап кала алышкан, апасы чөгүп кеткен», деп билдиришет ведомстводон. Жубайлар 42 жашта болгон.

Прокуратура бул эки адамдын өзүн-өзү өлтүрүшү боюнча иликтөө иштерин баштады. Алар мындай кадамга эмне себептен барганы али белгисиз. Жалгыз күбө  болуп эсептелген маркумдардын кызы маанайы чөгүңкү абалда болуп, суроолорго оңдуу жооп бербей жатканы айтылат.

Аюбджон Тохиров аттуу айыл тургуну  жубайлардын сөөгү 16-июлда жерге берилгенин билдирди. «Өзүлөрүн өлтүрүүгө эмне себеп болгонун билбейм. Менин билишимче, алар кызын күйөөгө узатууга камданып жатышкан. 13-августта тою болмок. Күйөө болчу бала азыр Россияда иштеп жүрөт», - деген ал.

Ал аралыкта Канибадамдык кабарчы Фейсбуктагы өз баракчасына жубайлардын өзүн-өзү өлтүрүшүнө медициналык текшерүүдө кызынын кыздык белгиси жок чыкканы себеп болгонун жазып чыккан.

Эскерте кетсек, Тажикстанда никеге турууну каалагандар алгач медициналык текшерүүдөн өтүп, ЗАГСка ден соолугунун абалы тууралуу дарыгерлердин маалыматкатын көрсөтүшү керек.