01.10.2018 13:38

Тажикстандагы жол кырсыгынан 7 этникалык кыргыз каза тапты

Тажикстандагы жол кырсыгынан 7 этникалык кыргыз каза тапты

Тажикстандын Лахш районунда жол кырсыгынан жети этникалык кыргыз набыт болду. Алар Кошой айылында жашашкан.

Маркумдардын Кыргызстанда жашаган тууганы Мирхажидин Мамуровдун айтымында, трагедия 30-сентябрда болгон. Каза тапкан жарандар картошка казып, тоодон түшүп келе жатышкан. Жолдо машина аварияга кабылган.

Жол кырсыгынын кесепетинен Темирбай Шарапов жана анын үч уулу, Насир Шарапов баласы жана тууганы менен мерт болгон, дагы беш адам жаракат алган, алардын экөө оор абалда. Айдоочу Сунатулло Юсупов дагы жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Ар кыл маалыматтар боюнча Тажикстанда 55 миңдей этникалык кыргыз жашайт, алардын басымдуу бөлүгү Лахш жана Мургаб райондорунда отурукташкан.