18.05.2018 13:08

Техаста аскер тик учагы жаңылышып, ок-дарыларды мектептин үстүнө ыргыткан

Техаста аскер тик учагы жаңылышып, ок-дарыларды мектептин үстүнө  ыргыткан

Америкалык Техас штатынын Эль-Пасо шаарында аскер тик учагы жаңылыштык менен ок-дарылар салынган контейнерди мектептин чатырына таштады. Бул туурасында чет элдик басылмалар билдирет. 

Маалыматка ылайык, бул кокустуктан эч ким жабыркаган эмес, мектептин чатыры гана бир аз жабыркаган. 

Тик учак кечээ түштөн кийин Форт Блисс аскер базасынан учуп чыккан. Эмнеге мындай жаңылыштык болгону азырынча белгисиз. 

Аскер жетекчилиги бул окуя үчүн кечирим сурады.