20.05.2019 10:13

Текшерүүнү токтотуу үчүн ири өлчөмдө пара талап кылган УКМК кызматкери кармалды

Текшерүүнү токтотуу үчүн ири өлчөмдө пара талап кылган УКМК кызматкери кармалды

УКМК кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында мекеменин өзүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 17-майында УКМК Өздүк коопсуздук кызматы КР Аскер прокуратурасы менен биргеликте 50 миң сом пара алып жаткан  учурунда УКМК кызматкери Н.А. кармады. 

Такталгандай кармалган адам текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Бишкек комендатурасынын гарнизондук гауптвахтасына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.