21.01.2019 18:08

Телефонунун сыр сөзүн айтпай койгону үчүн аялы күйөөсүн тирүүлөй өрттөп жиберген

Телефонунун сыр сөзүн айтпай койгону үчүн аялы күйөөсүн тирүүлөй өрттөп жиберген

Индонезиялык провинциялардын биринде уюлдук телефонунун сыр сөзүн айтпай койгону үчүн аялы күйөөсүн тирүүлөй өрттөп жиберди. Бул туурасында Metro басылмасы жазып чыкты.

Ильхам Кахьяни (lham Cahyani) жолдошу Деди Пурнамаан телефонунун паролу кандай экенин сураган. Ал учурда чатырды оңдоо менен алек болуп жаткан 26 жаштагы күйөөсү айтуудан баш тарткан. Мындан улам, жубайлардын ортосунда уруш чыгып, чатырдан түшүп келген күйөөсү аялын уруп жиберген.  

Аялы жооп кайтарып, экөө жулмалаша кеткен. Жаалданган аял жакын жерде турган челекти ала калып, анын ичиндеги бензинди күйөөсүнө чачып жиберген. Артынан от койгон. 

Жалынды байкап калган Оджи аттуу киши жубайларга чуркап келип, отту өчүрүүгө жардам берген. Кишини ооруканага жеткиришкен, бирок, ал эки күндөн кийин алган күйүктөрүнүн кесепетинен каза болуп калган. Аялы камакка алынган.