07.12.2018 16:08

Телерадиоуюмдар ассоциациясы Маданият министрлигин каракчы-телеканалдарга чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды

Телерадиоуюмдар ассоциациясы Маданият министрлигин каракчы-телеканалдарга чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды

Маданият министрлиги өлкөдөгү телеканалдардын мыйзамдарды аткаруусун көзөмөлдөөдө чечкиндүү аракеттерге баруусу зарыл.  Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Телерадиоуюмдар ассоциациясы тараткан билдирүүдө айтылат. 

Маалыматта айтылгандай, учурда телекөрсөтүү рыногунда акылга сыйбай турган жана абдан татаал абал жаралды.

«Көбүнесе телеканалдар «Телекөрсөтүү жана радиоберүү тууралуу» мыйзамынын нормаларын одоно бузуп келишет. Бул 2017-жылы августта күчүнө кирген мыйзамда: эфирдин 50% аз эмеси мамлекеттик тилде, 50% аз эмеси жергиликтүү мазмунда болушу жана автордук укукту сактоо каралган. Дал ушул каракчы-телеканалдар кыргыз контентинин өнүгүшүнө эч салым кошпой туруп, жарнама түрүндөгү каржылык ресурстардын чоң үлүшүн өздөрүнө тартып кетип жатышат».                                          

Ушул жылдын 3-декабрында Маданият министрлигинде өткөн телеканалдардын жетекчилери менен акыркы жолугушууда аталган министрлик мыйзамдын аткарылышын талап кылгандын ордуна, аны жумшартууга ниеттенип баштаганы көрүнүп калды. Ассоциациянын пикиринде, КР учурдагы мыйзамы кандай жазылса, ошол боюнча аткарылышы керек. 

Уюмдун пикиринде, «кандайдыр-бир ымалага келүүгө аракет кылуу, мыйзамды өзгөртүү үчүн жумушчу топ түзүү сыяктуу аракеттер убакытты гана уттуртат. Кыргыз телевидениесин өнүктүрүү маселеси кайрадан «сандыкка» салынып, жергиликтүү контентти өндүрүүчүлөр, ошондой эле электрондук ЖМКнын айрым бөлүктөрүнүн кызматкерлери дагы 1-2 жыл жумушсуз калат. Бул өздүк телеөндүрүштүн толук кыйрашына алып келет». 

Ошол себептен, Уюм Маданият министрлигин мыйзамды одоно бузуп жаткан телеканалдарга карата өз позициясын ачык билдирип, учурдагы мыйзамдын аткарылышын талап кылып, телевидение рыногундагы бардык катышуучуларга КР мыйзамдарына туура келген иш шарттарын коюуга чакырат. 

Министрликтин «телеканалдар мыйзамды аткарууда олуттуу кыйынчылыктарга кабылып жатат» деген  түшүндүрмөсүн Уюм жогоруда аталган мыйзамды аткаруу мөөнөтүн жылдыруунун жөнү жок аракети катары эсептейт. 

«Ассоциациянын катышуучулары сапаттуу контентти керектүү көлөмдө жасап чыгарууга даяр, ошол эле учурда мамлекеттик тилде дагы. Рыноктун башка катышуучулары дагы мындай кадамга даяр, бирок бир шарт менен - мыйзамдын нормалары рыноктун бардык катышуучулары тарабынан толук өлчөмдө аткарылышы керек». 

Телекөрсөтүүлөр тууралуу мыйзамга акыркы өзгөртүүлөр киргизилгенден бери бир жарым жылдан ашык убакыт өттү. Ассоциация катышуучуларынын пикиринде, рыноктун коом үчүн иштөөгө умтулган баардык катышуучуларында оюндун жаңы эрежелерине камдануууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок, бул ишке ашкан жок.

«Эгер телевидение рыногунун айрым катышуучулары КР мыйзамдарын аткарбай коюуга болот деп эсептешсе, балким, ишкерлигин жүргузүүгө башка жерди издөөлөрү керектир?»

Учурда электрондук ЖМКлар жаатында түзүлгөн кырдаал жогорку мамлекеттик деңгээлдеги кароого чыгарылышы керек. Телеэфирдеги ылгабоочулук жана башаламандык  – бул улуттук коопсуздуктун көйгөйү, улуттун бүтүндүгүн сактоо көйгөйү. КМШ мамлекеттеринин бир нечеси бул көйгөйгө эбак эле кабылышкан, анын терс жактарын жон терилери менен сезип, бирок, ийгиликтүү чече алышты. Телевидение рыногу азырынча иш жүзүндө жөнгө салына электен, Кыргызстан мындай алыс десек болот.  Уюм учурда мамлекетте бул үчүн бардык керектүү ресурстар бар деп эсептейт.

Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө ишине РПО РМТР мониторинг борборун, «Кыргызтелеком» ишканасынын, Байланыш мамлекеттик агенттигинин техникалык жана адамдык ресурстарын тартса болот.  Ал тургай, Ассоциация бир нече ирет өз жардамын сунуштаган. Мамлекеттик органдардын, компаниялардын жана рынок өкүлдөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүү эң кыска мөөнөттө мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Болбосо, Министрликтин тармакты жөнгө салуу жөндөмдүүлүгүнөн шек жаралат. 

Телерадиоуюмдар ассоциациясы КР эфирдик мейкиндиги өлкөнүн өнүгүшүнүн идеологиялык максаттарына, улуттук кызыкчылыктарды, биринчи кезекте мамлекеттик тилди, Кыргызстан элинин гуманитардык баалуулуктарын, маалыматтык коопсуздукту бекемдөөгө шайкеш келиши керек деп эсептейт. Уюмдун пикиринде, азыркы тапта телеэфирдин мазмуну бул максаттарга таптакыр карама-каршы келет.  Анын кесепеттери коомго жана жакынкы жылдардагы телекомпаниялардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизет. 

«Биз ыйгарым укуктуу орган - Маданият, маалымат жана туризм министрлигин Ассоциация мүчөлөрүн КР мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө жооптуу органдарга кайрылууга жеткизбестен, чечкиндүү иш-аракеттерге барууга чакырабыз».