07.08.2019 15:43

Айбек Калиевди «Улуттукэнергохолдингге» ким жетекчи кылган? Сотто Темир Сариев айтып берди

Айбек Калиевди «Улуттукэнергохолдингге» ким жетекчи кылган? Сотто Темир Сариев айтып берди

Бүгүн, 7-августта Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБи боюнча соттук отурум уланууда. Анын жүрүшүндө, экс-премьер-министр Темир Сариев күбө катары суралып жатат. 

Айбек Калиев мурунку өкмөт башчыдан аны «Улуттукэнергохолдингге» жетекчи катары ким дайындаганын тактады. «Мени Сапар Исаковдун кишиси деп айыптап жатышат. Мени холдингге жетекчи кылуу чечимин ким кабыл алды эле?», - деп сурады Калиев.

Сариев Калиевди аталган кызматка дайындоо чечимин өзү кабыл алганын айтты. «Мен аскерий органдардагы жогорку кызматтарга кимди коюу маселесин гана президент менен чогуу чеччүмүн. Калган кызматтар боюнча чечимди жалгыз өзүм кабыл алчумун», - деди ал. 

Ошондой эле, Темир Сариев энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн ЖЭБди жаңылоо зарыл болгонун жана убакыттын өтүшү менен ЖЭБдеги жаңылоо иштерин жүргүзүүчү жалданма уюм туура тандалганына көзү жеткенин билдирди.