23.01.2020 14:31

Темир тулпар үчүн таанышын өлтүрө тепкен адам кармалды

Темир тулпар үчүн таанышын өлтүрө тепкен адам кармалды

Кара-Сууда автоунаанын документин талаша кеткен эки адамдын чырынан бири каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка караганда, күн мурун, 22-январда райондун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Сүрөттүү-Таш айылынын 45 жаштагы тургуну А.О. аттуу кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат жергиликтүү милицияга кабарланган.

Милициянын ыкчам тергөө тобу маркум киши колдуу болуп өлгөнүн аныктаган. Соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун боору катуу соккудан улам жарылып кеткенин, анын өлүмүнө ошол себеп болгонун тастыктаган.

Бул кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын жашоочусу, 46 жаштагы А.Б. кармалды. Сөз болуп жаткан факт Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Белгилүү болгондой, маркум менен кылмышка шектүү автоунаанын документинин айынан мушташа кеткен. Шектүү маркум жыгылып түшкөн кезде боор тушуна тээп жиберген жана аны эстен танган абалында калтырып кеткен.

Милициянын маалыматына караганда, маркум беш жыл мурун жубайы менен ажырашып, ошондон бери жалгыз жашап жаткан.

Ал эми шектүү болсо Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды.