02.09.2019 14:16

Темирлан Султанбеков: Менин атамды Башкы штабдан кетүүгө аргасыз кылышты

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Темирлан Султанбеков: Менин атамды Башкы штабдан кетүүгө аргасыз кылышты

КСДП мүчөсү Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы баракчасында атасы, полковник Медет Султанбековдун КР КК Башкы штабынын башкы башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кеткени тууралуу жазды.

Социал-демократтар партиясынын жаш мүчөсүнүн айтымында, атасынан «бир нече күн мурун өз каалоосу менен жумуштан кетүү арызын жазууну суранышкан, болбосо, Башкы башкармалыкты башкармалык деңгээлине кыскартуу менен, кесиптештерине жаман көрдүрүп, кийин ойдон чыгарылган кылмыш ишин мойнуна илип жок кыла тургандыктарын убадалашкан». Султанбеков атасынын жумуштан бошотулушу өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштуу экенин  белгилейт. 

«Атамбаев убагында Отунбаева менен урушуп кетсе деле, анын бир тууганынын Россияда элчи катары калышына, жээндери Кыргызстандын БУУдагы өкүлдөрү катары иштешине бут тосуулар болгон эмес, негизи эле эч кимге тийишкен эмес. Мен, албетте, бийликтин мага карата мындай мамилесине айран-таң калып турам, Жээнбеков президенттике талапкерлигин койгондо активдүү колдоп бергендердин катарында болчумун, ага карата сын айтып жатканымды кадимки көрүнүш катары эсептейм, эл ошентип ойлоп жатса, мен ошол сынды жеткиришим керек болчу.

Айтаарым, абал кайсы жагына гана бурулбасын, мен Атамбаевдерди сатып кетпейм жана бул бийликке оппозиция катары кала берем», - деп жазды Темирлан Султанбеков.

Башкы штабдын басма сөз кызматынан Медет Султанбековдун кызматтан кеткенин тастыкташты, бирок бул анын жеке чечими экенин белгилешти.