Темирлан Султанбеков: Мыйзамдын жаңы редакциясы өлкөдө бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү жок кылат
Кечээ, 16-майда Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.
КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков мыйзамга киргизилген бул өзгөртүүлөр эмнеге алып келери тууралуу түшүндүрмө берди.
«ЖМКлар эми КР экс-президенттери абсолюттук кол тийбестиктен ажыратылды деп жазып жатышат, бирок мен такыр андай эмес экенин белгилегим келет. Экс-президенттер кол тийбестиктен 2018-жылы, Конституциялык палата экс-президенттерге абсолюттук кол тийбестик берүү Конституцияга туура келбейт деп тааныганда эле ажыратылган.
Ошондуктан, коомчулукту адаштырып жатышат, чынында бул мыйзамдын жаңы редакциясында маанилүүсү кол тийбестик эмес, КР экс-президенттеринин өлкөнүн саясий жашоосуна аралаша алуу мүмкүнчүлүгү.
Жогорку Кеңештин консультант-юристтери бар килейген аппараты, чоң-чоң маяналарды алып жаткан Президент аппаратынын бүтүндөй бөлүмү, парламенттин депутаттары курамында конституцияга каршы келген нормалары бар Мыйзамды өткөрүп ийишкени өтө өкүнүчтүү.
КР Баш мыйзамынын 35-беренесине ылайык, ар бир жаран саясий партия же бирикме түзүү, ага мүчө болуу эркиндигине укуктуу, бирок жаңы Мыйзам боюнча мындай укук бир Атамбаевден башкасында бар болуп калды. Бирок, КР Баш мыйзамынын 6-беренесинде Баш мыйзам эң жогорку юридикалык күчкө ээ деп жазылган.
Эми юридикалык түшүндүрмөдөн чыныгы турмуштук кыргыз саясатына өтсөм. Бийлик Атамбаевди эки себеп менен отургуза албасын эң жакшы түшүндү:
1. Атамбаевдин эч кандай күнөөсү жок.
2. Атамбаевди камап койсо, ички жана сырткы катаал басым башталат, ага бийлик өзү туруштук бере албайт.
Бирок, бийлик кандай жол менен болсо да, Атамбаевди саясаттан четтетүүнү көздөдү, анткени, бүгүнкү күнү Атамбаев демократиянын акыркы тиреги жана Кыргызстанда диктатура орнотулушуна тоскоолдук кылып турган адам. Ошол себептен жаңы Мыйзамга экс-президент жадагалса, партиянын жөнөкөй мүчөсү да боло албайт деген беренени кошуп коюшту, анткени, бизде парламентке партиялык тизме менен гана барышат. Мындай жол менен Атамбаевди Жогорку Кеңешке өткөрбөөнү ойлоп табышты.
Мыйзамдагы бул конституцияга каршы берененин автору болуп Акылбек Жапаров эсептелет. Анын өзүнө 2017-жылдын ортосунда коррупция беренеси менен кылмыш иши козголгон. УКМК менен Башкы прокуратура Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновду туруктуу коррупциялык байланыш түзгөнү үчүн айыптаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул иш ордунан жыла элек, жабылган да жок.
Акылбек Жапаров болгону кайырмакка илинип калды. Бул болсо, антиконституциялык нормаларды ойлоп чыгуу менен Акылбек Жапаров саясий буйрутма аткарып жатат деп божомолдогонго негиз болуп берет», -деп билдирди Темирлан Султанбеков.
Ал ошондой эле бул ишти мындай калтырууга болбосу, жаңы мыйзамдын бул беренесин конституцияга каршы деп табуу тууралуу КР Конституциялык Палатасына арыз берүү пландалып жатканы тууралуу билдирди.
«Мыйзамсызга барган бийлик мыйзамдуулукту коргой алмак беле? Мыйзамдын мындай жаңы редакциясынын кабыл алынышы өлкөдө бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү институтунун жоюлушуна түрткү берет»
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: