12.02.2019 12:53

Тентек күйөө бала: милициянын подполковниги Айбек Сыдыков буга чейин 3 жылга шарттуу түрдө соттолгон

Тентек күйөө бала: милициянын подполковниги Айбек Сыдыков буга чейин 3 жылга шарттуу түрдө соттолгон

Мас абалында унаа башкарып баратып, жол кырсыгын жараткан депутаттын күйөө баласы, милициянын подполковниги Айбек Сыдыков буга чейин 3 жылга шарттуу түрдө соттолгон. Бул туурасында ИИМ басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылдын 5-октябрь күнү «Ретро-Метро» түнкү клубунда милиция кызматкерлери менен клуб конокторунун ортосунда чыккан чыр, ок атышууда да Айбек Сыдыковдун катыштыгы болгон. 

«Бул факт боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Айбек Сыдыков ээлеген кызмат ордуна жарым-жартылай ылайыксыз деп табылган. Ага ошол убакта Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан «Уурдоо», «Куралды колдонуу менен бейбаштык кылуу»,  «Кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон», -деп айтылат маалыматта.

2018-жылдын 22-октябрь күнү Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту Айбек Сыдыковду бейбаштык беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 3 жылга шарттуу түрдө соттогон.

«Айбек Сыдыковдун жактоочусу Бишкек шаардык сотуна аппелияциялык даттануусун жөнөткөн, ал азыр карала элек. Аталган кылмыш иши райондук сотто каралып жатканда эле, Бишкек ШИИББдин кызматкери А. Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББдин карамагында жүргөн», -дешет ИИМден.

Белгилей кетсек,  10-февраль күнү саат 18:40 чамаларында Гоголь жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде милициянын подполковниги Айбек Сыдыковдун катышуусу менен жол-транспорттук кырсык катталган. 

Lexus унаасын мас абалында башкарып келаткан Сыдыков Toyota Mark, Daewoo Nexia унааларын сүзгөн. Анын Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы экени айтылып келет.