04.12.2018 12:41

Тергөө изоляторунда отурган депутат Артыкбаев ооруканага которулду

Тергөө изоляторунда отурган депутат Артыкбаев ооруканага которулду

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупцияга шектелип жаткан депутат Осмонбек Артыкбаев ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын-алуу улуттук борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Осмонбек Артыкбаевди УКМКнын Тергөө изоляторунан Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна которушуп, операцияга даярдап жатышат.  Эл өкүлүнөн грыжа табылган. Осмонбек Артыкбаев буга чейин ооруканадан толук текшерүүдөн өткөн.  

Буга чейин да Артыкбаев өзүн жаман сезип, ага «Тез жардам» кызматы чакырылган эле. 

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда Бишкек ЖЭБин жаңылоону ишке ашыруудагы  коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына отургузулган.