10.10.2019 18:27

Тергөөчү эмне кылаарын билбегендиктен, Кундуз Жолдубаеванын сурагы жылдырылды

Тергөөчү эмне кылаарын билбегендиктен, Кундуз Жолдубаеванын сурагы жылдырылды

КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева эртең,11-октябрда саат 10:00дө сурак берет. Бул туурасында «Апрель» телеканалына адвокат Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун айтымында, кечээ тергөөчү Кундуз Жолдубаевага саат 14:00гө суракка келүүгө чакыруу кагазын тапшырган. 

«Биз бүгүн айтылган саатка келип, тергөөчүгө кирдик. Ал болсо, эмне кылыш керектигин, кандай иш чара өткөрөрүн билбейт экен. Бизди тергөө тобунун жетекчисине жөнөттү. Ал «күткүлө» деди. Аны күтүп, 1,5 саат ошол жерде турдук. Анан кете бердик, анткени, биздин да башка жумуштарыбыз бар. Ошончо убакыт күтүрүү - процесстин катышуучуларын сыйлабагандыкка жатат», -дейт жактоочу Замир Жоошев. 

Бул туурасында КР Жазык-процессуалдык кодексинин 11-18-беренелеринде айтылат:

11-берене. 1-пункт.  Инсандын ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоо жазык сот өндүрүшүнө катышкан бардык органдар жана адамдар үчүн милдеттүү.

18-берене.4-пункт. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучу тараптар тең укуктуу. 


«Башкача айтканда, мен КР Адвокатурасынын өкүлү катары мамлекеттин сот иштеринде тергөөчү, прокурор же соттор менен бирдей абалда турам. Болгону биздин ар бирибиздин өзгөчө ролубуз бар. Мен ИИМдин жадагалса отура турган жери жок коридорунда, тикемен тик туруп тергөөчүнү күтүүгө милдеттүү эмесмин. Кундуз Жолдубаева болсо, болгону иш боюнча күбө. Мыйзам болсо, күбө тургай, соттолгон адамга да сый мамилени талап кылат», -деди Жоошев.