07.05.2019 10:12

Террористтик иштерге катышууга шектелип, издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды

Террористтик иштерге катышууга шектелип, издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды

Террористтик иштерге катышууга шектелип, издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын май айынын башында УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын катарына рекруттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюу жана аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында,чет элдик өнөктөш кызматтар менен биргеликте террористтик иштерге катыштыгы бар үчүн шектелип, издөөдө жүргөн КР жараны А.Н. кармалды.

Такталгандай, А.Н. Сирия-Ирак куралдуу согуш аймагында диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, эл аралык террористтик уюмдардын башчысынын тапшырмасы боюнча террористтик иш-аракеттерди аткаруу максатында даярдалган жасалма документтер менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине чыгып кеткен.

Азыркы учурда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Кармалган адам  Тергөө камак жайына киргизилип,  тергөө жүрүп жатат.