18.07.2018 19:08

"Тескей жээк" этно-фестивалы кандай өттү

Ысык-Көлдүн Тоң району эко жана этно-туризмди туруктуу өнүктүрүүгө салымын кошууда. Бул аймакта экинчи ирет "Тескей жээк" фестивалы өттү. Ага ондогон чет элдик жана жергиликтүү коноктор катышты. Алардын назарына кыргыздын улуттук каада салттары, оюндары жана маданий байлыктары тартууланды. Иш чарада Кыргызстанга биринчи келген чет өлкөлүк туристтер жаа атып, улуттук тамактарды бышырууга мүмкүнчүлүк алышты.