18.04.2020 09:34

Тестиерди аёосуз сабаган ата баласынан кечирим сурады (видео)

Тестиерди аёосуз сабаган ата баласынан кечирим сурады (видео)

Күн мурун, 17-апрелде социалдык тармактарда атасы баласын аёосуз сабап жаткан видео тараган. Көп өтпөй милиция тасмадагы кишинин өздүгүн аныктаган. Ал Ала-Бука районунун 35 жаштагы Эмилбек Жунусов аттуу тургуну болуп чыккан.

Кийинчерээк, тестиер баланын жакындары окуяны четке каккан башка тасма пайда болгон. Алар тестиерди эч ким ур-тепкиге алышпаганын айтышып, күнөлүүлөрдү издөөнүн кажети жок экендигин билдиришкен. Тиешелүү тасма жергиликтүү басылмаларда пайда болгон.

Акыры атасы баласынан кечирим сураган дагы бир тасма пайда болду.