08.11.2019 15:06

Тез тамактануучу жайында чыккан өрттөн бир адам каза таап, 12 адам жабыркады (видео)

Тез тамактануучу жайында чыккан өрттөн бир адам каза таап, 12 адам жабыркады (видео)

Бишкектеги «Антошка» тез тамактануучу жайында чыккан өрттөн бир адам каза таап, 12 адам жабыркады.  Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, каза тапкан кыз ошол жерде иштечү.

«Жабыркагандардын үчөө - жаш балдар, алар «Тез жардам» кызматы менен №3 шаардык балдар ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнөн дарыланууга жөнөтүлдү.

Тогуз адам №4 ооруканага жеткирилди. Алардын абалы тууралуу кошумча маалымат берилет», -дешти министрликтен.

Эскерте кетсе, бүгүн, 8-ноябрда Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайдан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрт тууралуу маалымат 13:42де түштү. Саат 14:08де жалын чектөөгө алынды. Азыркы учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.