10.07.2019 15:42

Тилек Токтогазиев: Швейцария Кыргызстандан жашылча-жемиш сатып алууга кызыкдар

Тилек Токтогазиев: Швейцария Кыргызстандан жашылча-жемиш сатып алууга кызыкдар

Швейцариянын Нестле компаниясы Кыргызстандан жашылча-жемиш сатып алууга кызыкдар. Бул туурасында жеке ишкер Тилек Токтогазиев социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 

Токтогазиевдин айтымында, Швейцария өлкөсүндө Нестле компаниясынын өкүлдөрү менен өткөн жолугушуу ийгиликтүү жыйынтыкталды.  «Эми биз конкреттүү жашылча-жемиштерге жана жаңгакка өтөбүз деп сүйлөштүк. Алар бизден сырьену кайра иштетилген  сублимацияланган  түрүндө сатып алууга даяр. Алар долбоорлорго инвестиция салууга даяр!», — деди ал.

Тилек Токтогазиев Нестле менен иштешүүнү каалагандарды Кыргызстандын агрардык ассоциациялар жана өндүрүшчүлөр Альянсына кошулууга чакырды.

Эскерте кетсек, Тилек Токтогазиев айыл-чарба министри кызматына өз талапкерлигин сунуштаган. Бирок, премьер-министр ишкерди жаш жана тажрыйбасы жетишсиз деп тапкан.