07.10.2019 17:30

ТИМ: Дубайда тыюу салынган дарылар менен кармалган кыргыз жарандары көбөйдү

ТИМ: Дубайда тыюу салынган дарылар менен кармалган кыргыз жарандары көбөйдү

Дубайга тыюу салынган дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылып, кармалган кыргыз жарандары көбөйүүдө. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Мекеменин бүгүн, 7-октябрда тараткан маалыматына караганда, Бириккен Араб Эмираттарында тыюу салынган «Лирика»  аттуу препаратты (оору сезимдерди жоготуучу наркотикалык заттары бар препарат), аталган өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү фактылары боюнча акыркы кезде Дубай шаарынын Эл аралык аэропортунун коопсуздук кызматы жана бажы органы тарабынан кармалган кыргыз жарандарынын саны көбөйүп жатат. 

Ушуга байланыштуу ТИМ кыргыз жарандарын сак болууга жана аэропорттордогу бейтааныш жана шектүү адамдардан бара жаткан чет мамлекеттердеги белгисиз адамдарга берүү үчүн ар кандай конверттерди жана бандеролдорду албоого чакырат.

«Эгерде жарандардын колунда же багажында чет элдик мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан тигил же бул өлкөнүн аймагына алып кирүүгө мыйзам чегинде тыюу салынган кандайдыр бир буюмдар жана заттар табылса, жоопкерчилик жарандардын өздөрүнө жүктөлөт. Жарандарга чет мамлекеттерге чыгуу алдында, бара турган өлкөнүн бажы эрежелери жана ички мыйзамдары менен терең таанышуу сунушталат», -деп айтылат маалыматта.