09.09.2019 19:21

ТИМ экс-жетекчиси: Кытай Бишкек ЖЭБин жаңылоодо ТВЕА подрядчик болуусун талап кылган

ТИМ экс-жетекчиси: Кытай Бишкек ЖЭБин жаңылоодо ТВЕА подрядчик болуусун талап кылган

Бүгүн, 9-августта Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган кылмыш ишин кароо уланды. Соттук отурумга судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылды.  

Сотто мурунку тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев күбө катары көрсөтмө берди. Ал өзүнүн орун басары Аскар Бешимовдун буга чейинки суракта айткандарын тастыктаган жок.

Мамлекеттик айыптоочуларды кытай тараптын ТВЕА компаниясына артыкчылык берүүсүн сөзсүз  эске алыш керек беле, же кулак салбай деле койсо болот беле деген суроо кызыктырды. «Кытай элчилигинен Тышкы иштер министрлигине келип түшкөн расмий корреспонденциядан кытай тарап ТВЕА  компаниясын тандаганы көрүнүп турат жана Кыргызстанга бул шарт угузулган», — деп түшүндүрдү Эрлан Абдылдаев.

«А Кыргызстан өкмөтү баш тартып кое алат беле?» — деп үмүт менен сурады прокурор. 

ТИМдин мурунку жетекчиси, 25 жылдык тажрыйбасы бар дипломат, Кытай боюнча адис Эрлан Абдылдаев башын чайкады. 

Жок, кытайлык «Эксимбанк» Кыргыз өкмөтүнө ал баш тарта албагандай сунуш жасады. Баш тартса, өлкө 386 миллион доллар ала алмак эмес жана ЖЭБ жаңыланбай калмак.

Дал ушуну Эрлан Абдылдаев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин атына жазган кызматтык катында белгилегенин айтты. Башкача айтканда, министр мамлекет башчысына кытай тарап ЖЭБди оңдоодо ТВЕА компаниясынын  подрядчик болушун талап кылып жатканы тууралуу кабарлаган. 

Эскерте кетсек, ушул жылдын 8-январында Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишин тергөө аяктаган. Анын жыйынтыгы менен Сапар Исаковго жана бир нече жогорку кызматтагы адамдарга «өздөрүнүн бийлигин колдонуп, ТВЕА компаниясы менен көз көрүнөө мамлекетке пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке жана коомдун кызыкчылыгына 111 миллион 252 миң 797 доллар зыян алып келген» деген айып койгон. Ошондой эле, мурунку премьер-министр Исаковду «2013-жылы Президент Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турганда, Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорун жеке көзөмөлүнө  алып, «ТВЕА» компаниясына бул ишти 386 миллион долларга аткарууга укук берип койгон» деп күнөөлөшкөн.