22.05.2019 15:51

ТИМ: Кыргызстандан Өзбекстанга цемент ташып жеткирүү иши кайра жанданды

ТИМ: Кыргызстандан Өзбекстанга цемент ташып жеткирүү иши кайра жанданды

Кыргызстандан Өзбекстанга цемент ташып жеткирүү иши кайра жанданды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

«Кыргызстан менен коңшу өлкөнүн профилдик министрликтеринин жана ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча 2019-жылдын 22-майында  Кыргызстандан Өзбекстанга цемент ташып жеткирүү иши кайрадан башталды», -деп айтылат маалыматта. 

Бирок, токтотуунун себептери тууралуу эч нерсе маалымдалбайт. 

Мурдараак Өзбекстан эч кандай түшүндүрмөсүз эле кыргыз цементин ташып киргизүүнү токтотуп койгон. Кыргыз чек арасында жүздөн ашык жүк ташуучу унаа топтолуп калган. Алардын баарында цемент болгон. Айдоочулар 12-майдан бери өзбек тарап цементти киргизбей жатканын айтышкан. 

«Азаттыктын»  өзбек кызматы Анжиянда жаңы цемент заводу ишке берилгенин, ал эми Кыргызстандан арзан цемент ташып киргизүү эч кандай түшүндүрмөсүз токтотулганын жазып чыккан.