28.11.2018 09:53

ТИМ Кытайдагы кыргыздардын камалышы боюнча маалыматтарды текшерүүдө

ТИМ Кытайдагы кыргыздардын камалышы боюнча маалыматтарды текшерүүдө

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз улутундагы Кытай жарандарынын камалышы боюнча маалыматтарды текшерүүдө. Бул тууралуу министр Чыңгыз Айдарбеков парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Комитет бул маселени жабык карады. Депутат Таабылды Тиллаевдин айтымында, анда Айдарбеков азырынча маалымат тактала элек экендигин айтты.

«Кытай - жабык мамлекет. Алар биздин туугандар болгон менен Кытайдын жарандары. Ошондуктан бул маселеге кылдат мамиле кылбасак, ал жактагы кыргыздарга кыйынчылык жаратып алышыбыз мүмкүн», - деди Тиллаев.

Ушул күнгө чейин Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын төрт жараны Кытайдагы куугунтукталган туугандарын таап берүүгө жардам сурап кайрылган.

Парламенттин комитети жабык түрдө өткөн жыйында Кытайдын Шиңжан автономдук аймагындагы куугунтукталды делген кыргыздардын абалын талкуулады.​

Буга чейин Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн. 26-ноябрда жакындары түрмөдө экенин айткан он чакты киши президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу кабыл алып, жардам сураган.

Кайрылууда Кытайдагы кыргыздар Бээжин «саясий тарбиялоочу борбор» деп атаган лагерлерде бейкүнөө жана себепсиз кармалып, катуу кыйноого кабылып жатканы жазылган.