14.04.2020 09:00

ТИМ: Новосибирск аэропортунда кыргызстандык жаран көз жумду деген маалымат жалган

ТИМ: Новосибирск аэропортунда кыргызстандык жаран көз жумду деген маалымат жалган

Новосибирск аэропортунда учак күтүп жатып, каза тапты деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Кыргызстандык С. А. аттуу жаран Новосибирск шаарында ооруканада дарыланып жатканына байланыштуу убактылуу жашаган.

“ Ал онкологиялык оорудан улам көз жумган. Маркумдун сөөгү анын туугандарынын макулдугу менен Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен  6-апрелде Новосибирск шаарынын мусулмандар көрүстөнүнө коюлган”-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын  Новосибирск облусундагы Башкы консулдугу Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарын такталбаган маалыматтарды жарыялоодон оолак болууга жана расмий булактарга гана таянууга үндөгөн.