29.03.2020 10:17

"Коронавирус - бийликтин саясий оюну". Жалган маалымат тараткан жаран кармалды

"Коронавирус - бийликтин саясий оюну".  Жалган маалымат тараткан жаран кармалды

Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматка караганда, 23-мартта Жалал-Абаддын Токтогул районунун 38 жаштагы тургуну кармалган. Ал социалдык тармактарга "коронавирус - бийликтин саясий оюну" деген маанидеги пост жайгаштырган.

Бул факт боюнча материалдар Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө жиберилди.

Атайын кызмат жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылаарын эскертет. Белгилей       кетсек, күч органдар өзгөчө абал жарыяланганына жараша социалдык тармактарга тынымсыз мониторинг жүргүзүүгө өтүшкөн.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата коронавирусту жаңы жуктуруп алган 26 учур катталды. Алар:

  • Чүй облусунда – 2 учур
  • Бишкек шаарында -4 учур
  • Нарын шаарында – 1 учур
  • Ош облусунда – 6 учур
  • Жалал-Абад шаарында – 13 учур.

Жалпысынан илдетти жугузгандардын саны 84кө жетти.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.