12.11.2019 16:24

ТИМ: Саймаити өлтүрүлгөн жердеги унаанын номери кыргыз консулдугуна таандык болгон

ТИМ: Саймаити өлтүрүлгөн жердеги унаанын номери кыргыз консулдугуна таандык болгон

Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна, ал эми унаа Эркин Сопоковго таандык. Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Сопоков кылмыш катталган жерге унаасы кандайча барып калганын түшүндүрүп бере алган жок. 

«Эркин Сопоков башкы консул болуп 2017-жылдын 17-апрелинде дайындалган. Ушул күнгө чейин анын жумушун так аткарбагандыгы үчүн бир катар жазалар салынган. Алсак, Сопоков жана башкы консулдун чарба башчы-айдоочу И.С. Хавазов транспортту башкарууда бир катар жол эрежесин бузушкан. Бул боюнча Сопоковго сөгүш жарыяланып, Хавазов жумуштан бошотулган.

Ошондой эле Башкы прокуратура тарабынан Сопоковдун 2017-жылга карата Бирдиктүү салык декларациясын толтурбагандыгы анык болду. 2019-жылы Сопоков каттоодон чыгаруу процедурасын жана дипломаттык номерди кайтаруу боюнча эрежени бузуп, «Рамадан туризм» автосалонуна унааны сатуу үчүн тапшырган. Сопоков Саймаити каза болгон жерде консулдук номерлүү унаа кандайча болуп калгандыгын түшүндүрүп бере алган жок.

Кызматтагы орой каталарды кетиргендигин эске алуу менен Тышкы иштер министрлиги Сооронбай Жээнбековго Эркин Сопоковду кызматтан алууну сунуштаган», - деп айтылат ТИМ билдирүүсүндө. 

Эскерте кетсек, 10-ноябрда кечке жуук, Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен кытайлык ишкер Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен.  Саймаити алган жаракаттарынан улам, ооруканада каза тапкан.

Көпчүлүктүн көңүлүн кылмыш болгон жерде жол боюнда токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номерлүү унаа бурган. Айрым такталбаган маалыматтарда бул унаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковго таандык экени айтылган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дээрлик эки күн бул билдирүүлөргө жооп бербей отурган. 

Бүгүн эле Эркин Сопоков президенттин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулду.  Түркиялык ЖМКлар ишкердин өлүмүнө шектүүлөр кармалганын, алардын экөө кыргыз жараны экенин жазып чыгышты. 

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.