06.06.2019 17:10

Тышкы иштер министрлиги түрк элчисине нота тапшырды

Тышкы иштер министрлиги түрк элчисине нота тапшырды

Тышкы иштер министрлиги түрк элчисине нота тапшырды. Бул туурасында министрликтен билдиришти. 

«Бүгүн, 6-июнда ТИМ Женгиз Камиль Фырат мырзаны кабыл алып, өз аракеттери менен Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырды»,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 5-июнунда Сокулук районунун Орок айылында кыргыз жарандарынын ортосундагы жаңжал чыккан. Ал жакка  элди тынчтандыруу үчүн тартип сакчылары барган. Ошондой эле, түрк элчиси Женгиз Камиль Фыраттын дагы барышы социалдык тармактарда талкуу жараткан. Көпчүлүк элчи мамлекеттик ички саясатка киришип жатканын айтып,  бийликтен элчи мырзаны тартипке чакырууну өтүнүшкөн.

Муну менен Женгиз Камиль Фырат мырза биринчи жолу элдин катуу сынына калып жаткан жери жок. Буга чейин Муфтият уюштурган ифтарда «гүленчилер менен бир дасторкондо отурбайм» деп чуу чыгарганы маалым.