03.04.2018 11:12

"Титаниктен" 4 эсе чоң лайнер 7-апрелде деңизге чыгат

"Титаниктен" 4 эсе чоң лайнер 7-апрелде деңизге чыгат

Малага  портунда  дүйнөдөгү эң ири "Деңиз симфониясы" (Symphony of the Seas) лайнери  эл сынына коюлду.  Бул тууралуу  El Pais  гезити билдирет. 

Сыйымдуулугу жагынан  "Деңиз симфониясы"  өзүнөн мурун курулган "Деңиз гармониясы" лайнеринен ашып  түшөт. Кеменин узундугу   362 метр, бийиктиги  72,5 метр. Аны курууга 3 жыл жана 1,3 млдр. доллар кеткен.  Кемеге 7 миңден ашык жүргүнчү жана 2 миң тейлөөчү персонал батат. 

Жүргүнчүлөрдүн карамагында 18 толук көлөмдөгү  палуба,  ар кандай класстагы 2775 бөлмө, 20 ресторан жана кафе болот. Ошондой эле, лайнерде казино, аквапарк, кинотеатр, бийлөө залы, мини-гольф, робот-официанттар тейлеген бионикалык бар  жайгашкан.

Лайнердин биринчи  саякаты 7-апрелге пландалган. Октябр айына чейин жаңы лайнер   Пальма, Прованс,  Флоренция, Пиза,  Рим жана  Неаполдун портторуна кирип чыгат.  Кеч күздө  Испанияга кайтып келет.