09.03.2020 13:09

Коронавирус: Diamond Princess лайнеринде иштеген кыргызстандык Бишкекке кайтып келди

Коронавирус: Diamond Princess лайнеринде иштеген кыргызстандык Бишкекке кайтып келди

Жапонияда коронавируска байланыштуу карантинге алынган Diamond Princess лайнеринде иштеген кыргызстандык Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 9-мартта билдирди. 

Мекеменин маалыматына караганда, ал обсервацияга алынып, карантинде 14 күн жаткырылат. Андан коронавируска анализ алынды. 

Белгилей кетсек, Diamond Princess лайнери Жапонияда 3-февралдан тартып карантинге алынган. Анда иштеген Кыргызстандын бир жараны коронавирус жуктуруп, ооруканага жаткырылганы маалымдалган. Бирок, экинчи анализи таза чыгып, ал карантинден чыгарылды.  

Кемеде 3000ден ашык киши бар экени, алардын 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталган.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3100 адам каза болду, 58 миңдейи айыгып чыкты.