11.04.2018 16:24
Тогуз-Торо районунун акими кызматынан кол жууйт
Тогуз-Торо районунун акими кызматтан алынат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков КСДП фракциясынын отурумунда билдирди.
Парламенттик фракцияда Жалал-Абад облусунда болуп жаткан башаламандыктар тууралуу сөз козголуп, өкмөт башчы маселени мыйзам чегинде чече турганын белгиледи.
Депутат Кожобек Рыспаев башаламандык уюштургандардын башында Тогуз-Торонун акими жүргөнүн айтып, мындай көрүнүштөр инвесторлорду качыра турганын кошумчалады.
Премьер-министр бул ишти жөн калтырбай турганын, бүгүн кечинде акимди жумуштан алаарын жооп кылды.
Эскерте кетсек, бүгүн Тогуз-Тородо миңге жакын жергиликтүү тургун алтын казуучу комбинатка өрт койгон.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: