18.01.2019 17:20

Токмок шаарында катуу шамалдын кесепетинен турак үйлөрдүн чатырлары жабыркады

Токмок шаарында катуу шамалдын кесепетинен турак үйлөрдүн чатырлары жабыркады

Токмок шаарында катуу шамалдын кесепетинен турак үйлөрдүн чатырлары жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, бүгүн, 18-январь күнү  саат 12:40 чамасында Чүй облусунун Токмок шаарында алдын ала маалымат боюнча, ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен катуу шамал катталган.

«Шамалдын кесепетинен Шамшы көчөсүндө жайгашкан №36 көп кабаттуу турак үйдүн 450м2 темир чатырын шамал учуруп, 2 турак үйдүн чатырына бак кулаган. Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган. Мындан сырткары КР ӨКМнин  Токмок шаардык №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Кошумча маалымат берилет», -деп жазылат маалыматта.