11.09.2018 18:30

Токмокко жакын жерден эки унаа тебелеп кеткен жарандын өздүгү такталууда

Токмокко жакын жерден эки унаа тебелеп кеткен жарандын өздүгү такталууда

Токмок шаарына жакын жерде эки унаа эркек кишини тебелеп кетти. Айдоочулар жансыз дене аларга чейин эле жолдо жатканын айтышууда. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 10-сентябрда болжол менен 23:00 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 58-чакырымында болгон.

Батыштан чыгыш тарапка бараткан «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү унаанын 34 жаштагы айдоочусу Токмокко жакын жерден маңдайынан чыккан унаанын жарыгынан бир саамга көзү чагылыша түшкөн. Бир нече метр өтүп, ал жолдун ортосунда жаткан бир нерсени тебелеп кеткен. Унаасын токтотуп, эмнени тебелеп кеткенин кароо үчүн келгенде, жолдо жаткан эркек кишини көргөн. Дал ушул убакта «Nissan Primera» унаасы менен келаткан башка айдоочу жолдогу денени дагы бир ирет тебелеп өткөн. 

«Учурда өлгөн адамдын өздүгү такталууда. Бардык керектүү экпертизалар дайындалды. Эки айдоочунун тең унаалары айып жайга токтотулду. Кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат», -дешти ЖКККБдан.