Токмокто жаштар өз алдынча шаарды дезинфекциялап жатышат (видео)

Токмокто жаштар өз алдынча шаарды дезинфекциялап жатышат (видео)

Токмокто демилгечи жаштар тобу шаарга дезинфекция иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу “Апрелге” активисттер өздөрү билдиришти. Алардын айтымында Токмок мэриясынын алдында жаштар иштери боюнча кеңеш түзүлгөн. Уюмдун мүчөлөрү шаардын 1-2-кичи райондорунда санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.

«Химиялык каражаттар менен жабдыктарды ар ким өз үйүнөн алып чыкты. Көчөлөр менен отургучтарга дезинфекция жасадык», - дешет кеңеш мүчөлөрү.

Жашооңорду, кандай көйгөйлөр болуп жатканын, кайрылууларыңарды, жакшы жаңылыктарыңарды, айланада кызыктуу эмнелер болуп жатканын видеого тартып алып, бизге жөнөтсөңүздөр болот.

Сиздердин окуяңар же жаңылыгыңар өзгөчө абал режиминде балким башкаларга так маалымат жеткирүүгө шарт түзөт. Изоляцияда отургандар үчүн да ар кайсыны ойлобой оңой өтүп кетишине жардам берет.

Кыска баяныңыз менен менен видеоңузду 0770-800-493 WhatsApp-номерине жөнөтсөңүздөр болот.
Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84 адам.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.