18.03.2019 09:44

Токмоктогу мушташтан бир киши каза таап, бирөө жаракат алды

Токмоктогу мушташтан бир киши каза таап, бирөө жаракат алды

Токмокто мушташ учурунда жергиликтүү кеңештин депутаты каза тапты. Бул туурасында Чүй облусунун ИИББ басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 17-март күнү болжол менен 3:05те милициянын нөөмөт бөлүмүнө 20-25 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин бычакталган сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

«Табылган кишинин өздүгүн тактадык, ал 29 жаштагы Чүй районундагы бир партиясынын мүчөсү экен. Ошол эле күнү саат 3:00дө ооруканадан чалып, бычактан жаракат алган 30 жаштагы Ш.Т., аттуу жаран түшкөнү тууралуу кабарлашты», — деп билдиришет милициядан. 

Кылмышты жасоого шектелип, 24 жаштагы С.Д, аттуу жергиликтүү тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын-ала маалыматка караганда, Токмоктун көчөлөрүнүн биринде жаш жигиттер ортосунда мушташ болуп, анын жыйынтыгында бирөө каза таап, бирөө жаракаттары менен ооруканага жаткырылган, деп маалымдайт Чүй облустук ИИББ.