09.07.2019 17:49

Токмоктогу үйлөнүү тойдон кийинки жапырт уулануунун себеби айтылды

Токмоктогу үйлөнүү тойдон кийинки жапырт уулануунун себеби айтылды

Токмокто үйлөнүү тойдогу уулануу эмнеден болгону аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Мекеменин маалыматына караганда, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 174кө жеткен, алардын жетимиш сегизи ооруканага жаткырылган. 9-июлга карата алынган маалымат боюнча, алардын дээрлик көпчүлүгү өздөрүн жакшы сезип калганы үчүн үйлөрүнө чыгарылды. Дагы он адам Токмок аймактык ооруканасында дарыланып жатышат. 

«Алардын эмнеден ууланганын изилдөө учурунда «Мегаполис» ресторанынан тамак-аштын калдыктары, колдонулган идиш-аяктарды чайкаган суу алынып, бейтаптардын анализи да текшерилген. Жыйынтыгында уулануу сальмонеллёз бактериясынан (Salmonella enteritidis) улам болгону аныкталды», -дешет министрликтен. 

Мындан улам, той өткөн «Мегаполис» рестораны Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин талаптарын толук аткарганга чейин жабылды. 

Эскерте кетсек, 1-июль Саламаттык сактоо министрлиги тамак-ашка уулануу шеги менен 20 адам ооруканага кайрылганын билдирген. Алардын баары 29-июнь күнү Токмок шаарындагы  «Мегаполис» кафесинде болгон  үйлөнүү тоюна барышканы белгилүү болгон. Кийин жардам сурап кайрылгандардын саны көбөйгөн.