17.12.2018 09:20

Токмоктун жанындагы кырсыктан 5 адам каза тапты

Токмоктун жанындагы кырсыктан 5 адам каза тапты

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында (Красная-Речка айылы) болгон кырсыктан 5 адам каза тапты. Бул туурасында Чүй облусунун ЖКККБсынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 16-декабрда саат 16:25 чамасында болгон. Алдын ала алынган маалыматка караганда, Бишкек-Токмок багыты менен бараткан Toyota Ipsum унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, Volkswagen Passat унаасы менен кагышкан. 

Кесепетинен Toyota Ipsum унаасында бараткан 7 адамдын төртөө каза тапкан. Калган үчөө ооруканага жеткирилген.

Ал эми, Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу кагышкандан кийин өрт чыккан машинасында күйүп кеткен. 

ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык болгон жерге 4 куткаруучу, Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, ИИМ кызматкерлери жана медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Тартылган өрт-куткаруу бөлүмү тарабынан унаадан чыккан өрт өчүрүлгөн жана куткаруучулар унаада кыпчылып каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркаган 3 адам тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгондордун жансыз денелери ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.