21.06.2019 18:25

Токтакунов: Каныбек Иманалиев өзү кол койгон ЖЭБ боюнча насыялык макулдашуудан күмөн саноо менен өзүн күнөөлөп жатат

Токтакунов: Каныбек Иманалиев өзү кол койгон ЖЭБ боюнча насыялык макулдашуудан күмөн саноо менен өзүн күнөөлөп жатат

Өзү кол койгон ЖЭБ боюнча насыялык макулдашуунун пайдалуулугунан күмөн саноо менен Каныбек Иманалиев өзүн-өзү айыптап жатат. Мындай оюн укук коргоочу, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк жарандар Бишкек ЖЭБин Кытайдан насыя алып жаңылоодогу парламенттин ролун түшүнүшө элек.   

«Жакында эле Каныбек Иманалиев жетектеген парламенттик комитеттин Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн насыя алууну колдогон чечими жарыялангандан кийин кээ бирлер «Мунун эмнеси бар экен?» деп таң калып жатышат. «Иманалиев болгону макулдашууну жактырды, акчаны башкалар жеп койду» дешет. Мындан улам ЖЭБ ишинин айланасында болуп жаткан нерселерди жана парламенттик процедуралардын маанисин түшүндүрө кетким келди», -дейт Нурбек Токтакунов.

Жактоочунун айтымында, ЖЭБди жаңылоо боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарында Сапар Исаковдун мындан кандайдыр бир материалдык пайда көргөнү тууралуу эч бир далил жок.

«Сапар Исаков жана башкалар акчаны «жеп алууга» айыпталып жаткан жери жок.  Бул мамлекеттик айыптоо органдары тарабынан атайылап таратылып жаткан миф. Бул иште насыянын «желгени», же бөлүштүрүлүп кеткени тууралуу эч кандай материалдык жана документ түрүндөгү далил жок, айыптоо текстинде да бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Сапар Исаков менен башкаларды келишимдик жана насыялык макулдашууну даярдоого айыптап жатышат, тергөөнүн ою боюнча ал макулдашуулар кыргыз тарапка эмес, кытай тарапка пайдалуу болуп калган.  Алар мындай кылмышка материалдык кызыкчылык  үчүн эмес, карьералык өсүүнү көздөгөндүктөн барган деп айтылып жатат», - деп билдирди Токтакунов.

Буга далил катары April.kg порталына айыптоо корутундусунун сүрөтүн жөнөттү. (Айыптоо корутундусу жалпысынан 121 барактан тургандыктан, биз эмнеге айыпталып жатканы жазылган жерин гана жарыялоону туура көрдүк - ред.) 

Айыптоо корутундусунда келишимдеги пайдасыз элементтер катары булар көрсөтүлгөн:

  • Келишимдин 1 кВт кубаттуулукту 1 287 доллар деп эсептөө ыкмасына байланган «ачкычына чейин» форматы. Бул 386 млн доллар үчүн подрядчик белгиленген мөөнөттө ЖЭБдин кубаттуулугун .300 Мегаваттка жеткирүүнү мойнуна алган дегенди билдирет.  Келишимдин форматы эки учтуу,  подрядчы үчүн да, кардар үчүн да белгилүү бир артыкчылыктары  жана кемчиликтери бар. Бирок ал эл аралык практикада колдонулуп келет, биздин мыйзамда да аны колдонууга тыюу салынган эмес.  
  • Конкреттүү бир подрядчик - ТВЕА компаниясына байлангандык. Бул кытай өкмөтү мамлекеттик Эксимбанктын атынан насыяны конкреттүү бир подрядчиги менен кошо сунуштады дегенди билдирет. Подрядчик жакпаса – акча да берилбейт.

«Бирок, мыйзам боюнча мындай өлчөмдөгү эл аралык келишимдер жана насыялык макулдашуулар аны ратификациялаган мыйзам кабыл алынмайынча эч кандай күчкө ээ эмес».

Ратификациянын көп баскычтуу процедурасы  келишимдин зарылдыгын, биздин өлкөгө экономикалык пайдасы болоорун кылдат текшерип чыгууну карайт. Бул текшерүүнүн маанилүү этаптарынын бири - мыйзам долбоорун парламенттеги жооптуу жана профилдик комитеттердин элегинен өткөрүү . 

«Биздин учурда 3 комитет болгон:

  • Депутат Кожобек Рыспаев башкарып турган Отун-энергетикалык комплекс комитети
  • Ахматбек Келдибеков башкарып турган Бюджет жана финансы боюнча комитети
  • Каныбек Иманалиев жетектеген Эл аралык иштер комитети

Парламенттин Регламентине ылайык, мыйзам долбоорунун Комитеттерде жактырылышы аны  экинчи деңгээлге чыгарат - мыйзам долбоорду экинчи окууда карап чыгышат. Эгерде комитеттер келишимдин кемчиликтерин таап чыгышса, мыйзам долбоор кайра карап чыгууга өкмөткө кайтарылмак.

Насыялык келишимдин кемчиликтерин аныктоо үчүн мыйзам укуктук, антикоррупциялык жана экологиялык экспертизанын зарылдыгын айтат. Бирок, комитет бул мыйзам долбоорду колдоп гана бермек турсун, эл алдында мактап-жактап, депутаттарды добуш берүүгө чакырышкан.  Дал ушул Каныбек Иманалиев мыйзам долбоорду болушунча тез кабыл алууга чакырган.

Азыр Каныбек Иманалиев өкмөткө ишенгем деп алакан жайып отурат. Бирок депутаттык бийлик ишенбей, текшерүү үчүн, өкмөт менен коюн-колтук алышпай, ишине баа берип, керек болсо каршы чыгыш үчүн берилет. Ошол себептен бүгүн ЖЭБ боюнча насыялык макулдашуунун пайдалуулугунан күмөн саноо менен Каныбек Иманалиев өзүн-өзү күнөөлөп жатат десек болот», -деп билдирди жактоочу Нурбек Токтакунов.