20.11.2018 11:26

Токтогул районунда унаалардын кагышуусунан бир аял каза таап, эки адам жабыркады

Токтогул районунда унаалардын кагышуусунан бир аял каза таап, эки адам жабыркады

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда унаалардын кагышуусунан бир аял каза таап, эки адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык  2018-жылдын 20-ноябрь күнү саат 03:33 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 326-чакырымында болгон.

Камбар-Ата шаарчасындагы жолдо токтоп турган «Renault» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын аркасынан келип «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү  жүк ташуучу унаа сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы 1 аял киши каза болуп,  25 жаштагы А.уулу С. менен 27 жаштагы С.кызы Т. жабыркаган. 

 КР ӨКМнин №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жаракат алгандарды жана каза болгон адамды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.