17.07.2018 15:33

Трамп Путин менен жолугушкандан кийин АКШда сынга кабылды

Трамп Путин менен жолугушкандан кийин АКШда сынга кабылды

Орусиянын Америкадагы шайлоого кийлигишүүсүнө байланыштуу Трамп АКШнын  чалгын мекемелеринин буга чейинки бүтүмдөрүнөн күмөн санап, Путиндин бул багыттагы ырастоолоруна ынангандай түр көрсөткөнү үчүн америкалык саясатчылардын сынына кабылды.

Хельсинкидеги саммиттен кийин Путин менен биргеликте маалымат жыйынын өткөргөн Трамп атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөлөрүн өз өлкөсү үчүн “катастрофа” деп атады.

Куралдуу күчтөр комитетинин мүчөсү, адатта Трампты колдогон республикачыл сенатор Линдси Грэм президенттин билдирүүлөрү АКШнын “алсыздыгын” көрсөткөнүн айтты.

Республикачыл сенатор Жон Маккейн “Хельсинкидеги маалымат жыйын – тарыхта америкалык президенттин эң уят болгон кези”, деп айтты.

Республикачыл конгрессмен Адам Кинзингер “Америка калкы чындыкка татыктуу, биздин чалгындоонун легитимдүүлүгүн барк албоо – бул өлкө үчүн кызмат өтөгөн кишилерди сыйлабагандык. Чындыкка тике караганга убакыт жетти. Путин- биздин досубуз эмес, ал- биздин эркиндигибиздин душманы” деди.

Барак Обама тушунда улуттук чалгындоонун директору болгон Жеймс Клэппер CNN телеканалына берген маегинде: "Кошмо Штаттардын президенти багынып берген сыяктуу, ал Владимир Путиндин алдында коркуп калгандай. Бул өтө жагымсыз болду" деди.

Улуттук чалгындоонун азыркы башчысы Дэн Коутс өз билдирүүсүндө “Биз 2016-жылдагы шайлоодо Орусиянын кийлигишүүсүнө жана биздин демократияны олку-солку кылуу аракеттерине өтө так баа бергенбиз”, деп айтты.

2020-жылы Трампка атаандаш болуу дымагы бар сенатор Элизабет Уоррен Трапм эл аралык деңгээлде Американы “уят” кылып жатканын билдирди.